Депутат суучул Денис Петрашовдун АКШдагы окуусуна жардам берип коюуну бийликтен суранды

Белгилүү сүзүүчү Денис Петрашов АКШда бакалавр даражасын бүткөн жана магистратурага тапшырган, бирок контрактты төлөө үчүн каражат издеп жатканын «Ыйман Нуру» фракциясынын депутаты Табылды Муратбеков 3-сентябрда Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, спортчуну «Эл Умуту» стипендиясы же башка жолдор менен колдоп коюу жакшы болмок.

Денис Петрашовдун акыркы ийгиликтери:

  • 2025-жылы дүйнө чемпионатында коло медаль (Сингапур);
  • TYR Pro Swim Series (АКШ, Флорида) турниринде үч алтын медаль;
  • АКШда (Сакраменто) алтын медаль жана экинчи титул;
  • 2025-жылдагы Универсиадада алтын медаль (Германия).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз