Кыргызстанда 6 миң метрдин бийик тоого чыгуу акылуу болуп калышы мүмкүн: Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун талкууга койду

Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 4-сентябрында коомдук талкууга «Альпинизм жөнүндө» мыйзам долбоорун чыгарды. Ага ылайык, 6000 метрден ашкан чокуга чыгууну пландап жаткан альпинисттер атайын уруксат (пермит) алышы милдеттүү болот.

Уруксаттарды берүү тартибин, тоо аймактарынын тизмесин жана пермиттер үчүн төлөм өлчөмүн Министрлер кабинети аныктайт, деп жазат мыйзам долбоорунун автору, депутат Эмиль Токтошев («Бүтүн Кыргызстан»).

Документ ошондой эле альпинисттерди милдеттүү камсыздандыруу, эрежелерди бузгандар үчүн жоопкерчилик жана чокуга чыгуу учурундагы коопсуздукту камсыз кылуу чараларын карайт. Айрым бөлүм айлана-чөйрөнү коргоого арналган: экспедициялар бардык таштандыларды атайын контейнерлерге же баштыкка топтоп, ылдый түшүрүп утильдөөгө тийиш.

Мыйзам долбоору гиддердин, инструкторлордун, альпинисттик клубдардын жана туристтик компаниялардын ишмердүүлүгүн жөнгө салат, ошондой эле альпинизм инфраструктурасын өнүктүрүүнү жана эл аралык кызматташууну карайт.

Токтошевдин жубайы Рысгүл Акимжанова 2025-жылдын май айында Эверестке (8848 м) көтөрүлүп, Кыргызстандын желегин көтөргөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз