"Женгонун" мурдагы кайын энеси конфискацияланган үй Кадыр Досоновго таандык эмес экенин айтты
Бишкектеги Биринчи май райондук соту “Женго” деген каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновго кылмыш тиешеси жок үйдү конфискациялады, деп билдирди 4-сентябрда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында анын мурдагы кайын энеси Салтанат Досматова.
Аялдын айтымында, ал жана күйөөсү менен уулу Орусияда эмгек миграциясында жүрүп, үйгө каражат топтогон. Досматова алар көп кыйынчылыктарды баштан кечиргенин, анын жыйынтыгында күйөөсү каза болгонун кошумчалады. Алар иштеп жүргөн учурда кызы Досоновго турмушка чыккан. Досматова белгилегендей, алардын үй-бүлөсү бул никеге каршы болгон, бирок Досонов кызын уурдап кеткен.
«Биз күйөө балабыздын түрмөгө түшкөнүн көрүп туруп, кызыбызга каражат берип, өзүнө үй сатып алсын дедик. Ал Ош шаарынан үй алды жана ажырашкандан кийин ошол жерде жашады», — деп билдирди Досматова.
Андан соң, Досоновдун мурдагы кайын энеси топтогон акчасына Бишкекте үй сатып алышкан.
«Биринчи май райондук соту Досоновго таандык мүлктү конфискациялоо чечимин чыгарган. Бирок биздин мүлк ага таандык эмес. Ал биз тарабынан сатып алынган», — деп баса белгиледи Досматова.
18-августта алардан үй алынып, Досматованын кызы төрт баласы менен көчөдө калган. Ошондуктан маалымат жыйында катышкан аял бийликти алардын көйгөйүнө көңүл бурууга жана адилеттүү чечим чыгарууга чакырды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.