Блогер Айбек Уланов кайрадан кармалды
Спецназ блогер Айбек Улановду кармады. Бул тууралуу анын адвокаты Шердор Абдыкапов билдирди, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Анын айтымында, Уланов 4-июн күнү кечинде кармалган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (душмандыкты) козутуу») боюнча кылмыш иши козголгон.
5-июнда сот Улановго карата бөгөт чарасын тандайт.
Буга чейин, 31-майда блогер милицияга жеткирилген. Бул анын Ош облусунун Кара-Кулжа районунда күйөөсү тарабынан атылды делген маркум тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин болгон.
Андан кийин милиция алдын ала териштирүү иштерин баштап, экспертиза дайындаган.
38 жаштагы Айзирек 26-майда өлтүрүлгөн: аны күйөөсү Өзгөн районунда өткөн мектепти бүтүргөндөрдүн 20 жылдык жолугушуусунан кийин атып салган. Тергөөнүн версиясына ылайык, 1985-жылы туулган А.Б. жубайын жолугушууда кызганып, үйгө келгенден кийин уруш чыгып, ал трагедия менен аяктаган. Жубайлар беш баланы тарбиялашкан. Кылмыш болгон учурда ал балдарын үйдөн сыртка чыгарып жиберген. Маалым болгондой, ал киши мас абалда болгон.
Маркумдун жакындарынын айтымында, Айзирек акылдуу, тарбиялуу, эмгекчил жана динге берилген аял болгон. Күйөөсү аны дайыма көзөмөлдөп, коркутуп, басмырлап келген. Одноклассниктери болсо, Айзирек жолугушууда кызганууга негиз болчу эч нерсе кылбаганын айтышкан. Ал расмий бөлүгүнө гана катышып, андан соң күйөөсү менен үйүнө кеткен.
Бул кылмыш коомчулукта катуу талкуу жаратты. Уланов бул окуяга байланыштуу жасалма акыл (ИИ) аркылуу тартылган сүрөт менен пост жарыялап: «Эгер аялыңар мектепти бүткөндөрдүн 20 жылдыгында классташы менен жатканы билинип калса, кандай реакция кылмаксыңар?» — деп жазган. Анын бул посту кыргызстандык социалдык тармак колдонуучулары тарабынан катуу сынга алынган — алар блогерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. Уланов постту өчүрүп, бир нече сааттан кийин кечирим сураган видео жарыялаган, бирок ал дагы терс кабыл алынган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.