УКМК 132 баш малды мыйзамсыз алып өтүү аракетин токтотту

2025-жылдын 28-августунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) республиканын аймагында контрабандага бөгөт коюу боюнча жүргүзгөн иш-чарасынын жүрүшүндө 132 баш асыл тукум майда малды мыйзамсыз чыгаруу аракетин алдын алды.

Атайын кызматтын ыкчам маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын аймагынан мал сатып алынып, Өзбекстандын жарандары тарабынан жасалма документтер жасалып, мамлекеттик чек аранын көзөмөлү начар тилкелери аркылуу Сох анклавына өткөрүлүүгө аракет жасалган. Андан кийин Кадамжай району аркылуу транзиттик товар катары Фергана облусуна жөнөтүлүшү көздөлгөн.

Бул факты боюнча КР жарандары Г.у.Н., А.у.И. жана Өзбекстандын жараны С.Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМКнын маалыматына караганда, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана республиканын аймагында контрабандага бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз