Ош: Кең-Сай конушуна боюнча подрядчы уюмдардын жетекчилери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облусундагы «Кен-Сай» жаңы конушунда инфраструктуралык куруу иштеринде бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында беш подряддык уюмдун жетекчилерин кармаганын маалымдады.

Буга чейин УКМК Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын айрым кызматкерлерин жол, суу түтүктөрү жана электр камсыздоо курулушуна бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактысы боюнча кармаган.
 
Тергөөгө-оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө подряддык уюмдар — ЖЧК «А.Б.», «А.Н.», «Б.С.», «Ю.», «С.С.» жана «С.Н.» көчөлөргө алып баруучу жана ички жолдорду курууда мыйзам бузууларга жол бергендиги аныкталды. Мамлекетке келтирилген алдын-ала зыяндын өлчөмү 18 млн 211 миң 822 сомду түздү. Аталган компаниялардын жетекчилери КРнын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
 
Учурда тергөө курулуш иштеринин көлөмүн текшерип, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да аныктап, жоопкерчиликке тартуу аракетин көрүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз