Паранын бир бөлүгүн дааратканада өрттөп жиберди делген Ош шаардык сотунун судьясы кармалды
Ош шаардык сотунун судьясы жана Ош прокуратурасынын кызматкери кармалганын 5-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКга Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош прокуратурасынын кызматкери И.С.К.нын аракеттери боюнча арыз түшкөн. Алардан сотто ыңгайлуу чечим чыгарып берүү үчүн 4 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылышкан деп айыпталган.
29-июлда Аскер прокуратурасы менен биргелешип көзөмөл органынын кызматкери акча алып жаткан учурда кармалган. Ошол эле күнү судья өзүнүн батириндеги дааратканадан паранын бир бөлүгүн өрттөп жиберген.
29-августта Судьялар кеңеши Башкы прокурор Максат Асаналиевдин Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш.ни кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунушун канааттандырган. Ошондой эле президент Садыр Жапаровго аталган судьяны убактылуу кызматынан четтетүү боюнча сунуш киргизилген.
Ош шаардык сотунун сайтындагы инициалдарга ылайык, С.Р.Ш. – бул Саткынбаев Рустам Шайлобекович. Ал бул кызматка 2022-жылдын 30-апрелинде Свердлов райондук сотунан которулган.
Саткынбаевге жана прокуратура кызматкерине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси, 2-бөлүгү, 1 жана 2-пункттары («Пара талап кылуу») боюнча айып тагылып, алар камакка алынган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.