Башкы прокурор Ош шаардык соттун судьясы Рустам Саткынбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

29-августта Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтүп, бир катар маселелер каралды, деп жазат "Сводка АКИпресс" басылмасы.

Дисциплинардык комиссиянын корутундуларын угуп жана талкуулагандан кийин, Башкы прокурор Максат Асаналиевдин Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш-ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунушун канааттандыруу чечими кабыл алынды.
 
Ошондой эле жогоруда аталган судьяны кызматынан убактылуу четтетүү боюнча Президент Садыр Жапаровго сунуш киргизилди.
 
Ош шаардык сотунун расмий сайтындагы маалыматтарга ылайык, С.Р.Ш. инициалдары Ош шаардык сотунун судьясы Саткынбаев Рустам Шайлобековичке туура келет. Ал бул кызматка 2022-жылдын 30-апрелинде Свердлов райондук сотунан которулган. Мындан тышкары, 2025-жылдын 11-июлунда ал Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз