"Менин жанымда телефон чукулабагын": Ташиев Кочкордогу оорукананы текшерүү учурунда кызматкеринин телефонун ыргытып жиберди

Кабминдин төрага орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн кол алдындагысын көңүл бурбай койгону үчүн сындап, анын телефонун ыргытып жиберди, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.

Бул окуя Кочкор райондук ооруканасы менен таанышуу учурунда болду.
 
Ташиев жана оорукананын жетекчилиги аймакты, имараттарды кыдырып көрүштү. УКМК башчысы дарыгерлерге кайсы имараттарды бузуу, жаңыларын куруу керектигин түшүндүрүп, иштердин башталышы менен бүтүшүнө так мөөнөттөрдү көрсөттү. Ушул маалда райондук УКМК бөлүмүнүн башчысы телефонго алаксып калды. Ташиев аны көңүл бурбай койгону үчүн сындап, телефонун алып жиберип, четке ыргытып салды.
 
«Мен айтып жатканды угуп жатасыңбы? Телефонуңду эле карап отурасың. Бер мага телефонуңду. Мындан кийин менин жанымда телефон чукулабайсың. Силердин ордуңарга мен иштешим керекпи? Курулуш дароо башталсын. Нормалдуу подрядчик таап, иш мөөнөтүндө бүтүшүн камсыздагыла. Анан кийин “бүтүрө алган жокпуз” же башка шылтоо айтпагыла. Баарын көзөмөлдөп турасың», – деп тапшырма берди ал Кочкор райондук УКМКнын башчысына.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз