Ошто «Ала-Тоо» породасындагы койлордун сынагы өттү


7-сентябрда Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында «Ала-Тоо» породасындагы койлордун сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Джантаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандан келген коноктор жана Кыргызстандын жети дубанынан фермерлер катышты.
 
Облус жетекчиси көргөзмөгө коюлган койлорду көрүп чыгып, жаңы породанын айыл чарбадагы маанисине токтолду.
— «Ала-Тоо» койлору эт жана май өндүрүшүндө сапаттуулугу, климаттык шарттарга ыңгайлуулугу менен агрардык секторду жаңы деңгээлге чыгарат», — деди Джантаев.
 
Сынак беш категория боюнча өттү: 2 тиш, 4 тиш, 6 тиш койлор, көркөмдүүлүгү жана салмагы өзүнчө бааланды. Кочкорлор арасында да ушул эле тартипте сынак уюштурулду. Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана «Желмаян» аттуу электротрикцикл тапшырылды.
 
«Ала-Тоо» ассоциациясынын төрагасы Курсантбек Сатыбалдиевдин айтымында, анын «Аккула» чарбасынан 128 кг салмактагы кой «Эң оор кой» наамын алса, 1 метр 7 см узундуктагы кочкору «Эң узун кочкор» деп табылды. Анын айтымында, мындай кочкорлор 700–800 миң сомго бааланат, ал эми 128 кг кой 150–200 миң сомдун тегерегинде сатылат.
 
Сынакта Кара-Суу районунун фермери Нургазы Мамедовдун «Черный» аттуу кочкору 185 кг салмак жана 1 метр 4,5 см узундук менен «Эң оор кочкор» наамына ээ болуп, кубок жана электротрикциклге татыды.
 
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, «Ала-Тоо» породасы кыргыз койлорун гиссар кочкорлору менен аргындаштыруу жолу менен алынган. Учурда бул породанын саны 25 миңге жеткен.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз