"Вефа" соода борборунда төрт жигит бир аялга тийишип, күйөөсүн сабап кеткен
Бишкекте «Вефа» соода борборунда төрт жигит бир эркекке кол салышканын анын жубайы социалдык тармактарга жазды, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Борбордун тургуну жазгандай, 7-сентябрь күнү түшкү саат төрттөрдө алар соода борборунда сейилдеп жүрүшкөн учурда жаш жигиттер ага тийишкен. Жигиттердин бири аялды кармалап жибергенде, ал эскертүү кылган. Жооп катары жигиттер жаман сөздөрдү айтышып,, уруш чыгарышкан. Конфликтке анын күйөөсү аралашып, чыр массалык мушташка айланган. Өтүп бараткан айрым эркектер үй-бүлөлүү жупка жардам берип, жаш жигиттер качып кетишкен.
Биринчи Май райондук ИИББинин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча катталды. Милиция бардык мушташка катышкандар аныкталганын жана азыр аларды издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.