Чек ара кызматынан прапорщик аскерлерге зомбулук көрсөткөндүгү үчүн кармалды

УКМКнын Чек ара кызматындагы №2026 аскер бөлүгүндө аскер кызматкерлерине карата зомбулук жана кыйноо фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 9-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Сводка АКИпресс" басылмасы.

Шектүү катары бөлүк командири, прапорщик А.Б.Т. кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди.
 
Ишти Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз