МинКаб коррупция менен күрөшүү үчүн жаңы механизмдерди сунуштады

Жогорку Кеңештин укук тартиби боюнча комитети 9-сентябрда Министрлер кабинети иштеп чыккан жаңы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.

Башкы прокурордун орун басары Умуткан Конкубаева маалымдагандай, бул документ 2024-жылдын июнь айында президенттин жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын негизинде даярдалган.
 
Анын айтымында, азыркы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам 2012-жылы кабыл алынган жана бир нече жолу өзгөртүлгөнү менен, негизинен декларативдүү бойдон калууда. Анда коррупциянын деңгээлин өлчөө системасы, антикоррупциялык мониторингдин так механизми, бардык катышуучулардын ишин координациялай турган ыйгарым укуктуу орган каралган эмес, ошондой эле Конституцияга жана акыркы жылдардагы тармактык мыйзамдарга кирген өзгөрүүлөр чагылдырылган эмес.
 
Мыйзам долбоорунун негизги жоболору
 
Коррупциялык укук бузуулардын субъекттери. Алардын катарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тышкары мамлекеттик компаниялардын жетекчилери, мамлекет үлүшү бар юрдикалык жактар, ошондой эле коомдук пайдалуу функцияларды аткаруу үчүн бюджеттик каражат алган жеке уюмдар кирет.
 
Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган. Ага мониторинг жүргүзүү, талдоо жана коррупция деңгээлин баалоо, антикоррупциялык чараларды иштеп чыгуу жана методикалык колдоо көрсөтүү милдети жүктөлөт.
 
Башкы прокуратуранын алдындагы координациялык кеңеш. Ал укук коргоо, фискалдык органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын коррупцияга каршы аракеттенүүдө бириктирет.
 
Алдын алуу чаралары. Мыйзам долбоору милдеттүү антикоррупциялык мониторингди жана изилдөөлөрдү, коррупциялык тобокелдиктерди талдоону, нормативдик актыларга антикоррупциялык экспертизаны, кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу чараларын, ачык-айкындуулуктун стандарттарын киргизүүнү жана кызматтарды санариптештирүүнү, антикоррупциялык маданиятты өнүктүрүүнү, ошондой эле жарандык коомдун көзөмөлгө катышуусун карайт.
 
Каржылык көзөмөл. Мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдар үчүн кирешелерди, чыгашаларды жана мүлктү милдеттүү түрдө декларациялоо, акциялар менен үлүштөрдү ишенимдүү башкарууга өткөрүү, чет өлкөдөгү эсептер жана компаниялар тууралуу маалымдоо киргизилет.
 
Жоопкерчилик. Долбоордо коррупциялык укук бузуулар катары мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү, кызмат абалынан жеке кызыкчылык үчүн пайдалануу, мыйзамсыз жеңилдиктерди берүү, декларацияларды тапшырбоо, белек берүү жана алуу ж.б. белгиленген. Мындай аракеттер үчүн кылмыштык, тартиптик жана жарандык жоопкерчилик каралган.
 
Маалымат берген адамдарды коргоо. Коррупция фактылары тууралуу билдирген адамдар жана алардын жакын туугандары мамлекет тарабынан корголот.
 
Коомдук талкуу жана талкуу
 
Долбоор 2025-жылдын 13-июнунда коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланган. Талкуу учурунда сунуштар түшкөн. Алардын бир бөлүгү эске алынып, субъекттердин тизмелери такталган, ачык-айкындуулук жана кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу боюнча формулировкалар кайра иштелген, мамлекеттик органдардын антикоррупциялык чараларды киргизүү боюнча милдеттери кеңейтилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз