Эрназар Акматалиевдин медалы Кыргызстандын дүйнөлүк чемпионаттагы 26-медалы болду
Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди.
Ал эркин күрөш боюнча 70 кг салмактагы мелдешке катышты.
Кыргызстандык спортчу алгач чилилик балбанды мөөнөтүнөн мурда утуп, бирок кийин дүйнө чемпиону болгон жапон балбанына утулду. Жутундурма турнирдин биринчи айлампасында Акматалиев Париж олимпиадасында утулуп калган венгриялык Исмаил Мусукаевден өч алып, ал эми коло үчүн болгон таймашта Армениянын балбанын жеңди.
Жыйынтыгында Акматалиев 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.
Бул медаль Кыргызстан үчүн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионаттарында алган 26-медаль болуп калды — алардын ичинен 8 алтын, 5 күмүш жана 13 коло.
15-сентябрда Бекзат Алмаз уулу 57 кг салмактагы финалдык таймашта Түндүк Кореянын спортчусу менен беттешет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.