Британия империясынын урагандан кийинки Түштүк Азиядагы саясий вакуум
Непалдын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Сушила Карки менен Бангладештин убактылуу өкмөтүнүн башчысы Мухаммад Юнус.
Акыркы жылдары Түштүк Азияда элдин наарачылыктары бийлик алмашууга алып барды. Андагы башаламандыктар учурунда миңдеген адамдардын каны төгүлүп, миңдеген адамдар жараат алды.
Ушул жана башка маселелер боюнча журналист Бексултан Мамытов пост жазган. Төмөндө автордун постун өзгөртүүсүз беребиз.
Кызык маалымат окуп калдым. Непалдагы башаламандыктарда студенттер маанилүү ролду ойношуптур:
- алгач 16 жаштагы студенттин өлкөдөгү коррупция жана социалдык теңсиздик боюнча кайрылуусу чоң талкууга жем таштап, айрымдар "студенттин кайрылуусу революцияга себеп болду" деп жатышыптыр;
- Фейсбук, Вотсап, Инстаграм, Ютуб, Х сыяктуу платформалардын бөгөттөлүшү нааразылыктарга себеп болгон" деп жатышат. Алгач өкмөт бул платформаларды "Непалда белгиленген убакытта расмий түрдө каттоодон өткөн эмес" деген шылтоо менен жапкан экен;
- 8 сентябрда башталган нааразылыктар ири башаламандыктарды жаратып, өрттөө, тоноо, адам өлтүрүү (так эмес маалыматтарга караганда, элитанын аялдары, каржы министри )фактылары менен коштолгон. Учурда 70тен ашык адам өлүп, миңден ашык адам жараат алганы айтылууда;
- 12-сентябрда Непалдын президенти мурдагы Жогорку соттун төрайымы Сушила Каркини убактылуу өкмөттүн башчылыгына дайындаган. Анын өкмөт башчы болуп калышы деле жөн жерден эмес дейт, аны талапкерлигин соц.тармактарда жаштар көп добуш менен колдогон экен.
- 70тен ашкан айым Непалды башкарган алгачкы айым болуптур.
Бир жыл мурунку Бангладеш:
- бир жыл мурун Бангладеште да төңкөрүш болгон эле. Анда да студенттер баштаган. Алгач Бангладештин Жогору соту квота маселесин төмөндөт. Бангладеште социалдык теңчилдикти куруу үчүн согушка катышкандардын жакындарына, жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарына бийлик бутактарына иштөө үчүн квота белгиленген. Жогорку сот ошол квотаны төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алат;
- квоталар боюнча маселеден кийин студенттердин нааразылыгы башталат. Алгач ЖОЖдордун кампусунан "тутанган жалын" шаарларда "өрт болуп жалындайт". Андагы кагылышуулардан миңден ашык адам өлүп, жараат алгандар эки эсеге жетет;
- убактылуу өкмөткө Нобелдин Тынчтык сыйлыгы жаатында (микрокредит боюнча элдин жашоосун жакшыртуу жааты боюнча )аталган өлкө боюнча жалгыз лауреаты Мухаммад Юнус дайындалып, убактылуу өкмөттү курайт;
- Мухаммад Юнус азырга чейин убактылуу өкмөттү жетектеп келүүдө. Парламенттик шайлоо кийинки жылдын мартына дайындалган.
Эки өлкөдө тең төңкөрүштөн кийин өкмөт башчылар бийлик башынан кетип, парламент таратылып, убактылуу бийлик орнотулган.
Британ империясынын алсырашы
Жакынкы тарыхта эле Индия баш болгон, Пакистан төш болгон өлкөлөр Британиянын колониясы болгону атпай журтка белгилүү. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ири экономикалык жоготууларга учурган "улуу империя" Индия сыңдуу миллиондогон эли бар өлкөнү башкарууга кудурети жетпей калган. Айрым тарыхчылардын баамында, ушул жана башка факторлор - Махатма Ганди сыяктуу лидерлердин астындагы миллиондогон элдин Британияга болгон каршылыгы Индияны эгемендүүлүккө жеткирген.
Колониядан кийинки жашоо: Индуизм жана Ислам
Индия Британияга чейин эле али гректердин, оо кийин Могол империясынын карамагында болуп, эли эң ири эки дин - индуизм жана Ислам диндеринин карманып калган калкка айланган. Диний жана социалдык көйгөйлөр бышып отуруп, 1947-жылы Британия Индиядан кеткенден кийин "жарылган". Эсеби маселен, XX кылымдын экинчи жарымында Индиядан Ислам динин тутунган калк - пакистандыктар бөлүнүп чыккан. Эки элдин чек аралары батыл бөлүнүп, эл шашылыш көчүрүлгөн. Ошондуктан, бүгүнкү күнгө чейин эки өлкө чек ара маселесинде келише албай, байма-бай атышып, бир нече күнгө созулган согуштар болуп атыр.
Бангладештин Пакистандан бөлүнүшү: бенгал тили, географиялык айырмачылык
Пакистан Индиядан бөлүнүп чыккандан кийин чейрек кылым өтүп, бенгалдар Пакистандан бөлүнүп чыккан. Пакистан географиялык жактан экиге бөлүнгөн: Чыгыш Пакистан - мусулман бенгалдар (бенгали тили басымдуу аймак) , Батыш Пакистан - пуштундар, синдхилер. Экөөнүн ортосу да узак болгондуктан, жана Батыш Пакистан экономикалык жактан жигердүү өнүгүп, чыгышы жакшы өнүкпөй калып, социалдык ажырым пайда болгон.
1970-жылы парламенттик шайлоодо бенгалдардын партиясы көпчүлүк добуш менен жеңип чыкканы карабай аскерлердин кийлигишүүсү менен аталган партия "өтпөй калды" деп эсептелген. А 1971-жылы Чыгыш Пакистан - азыркы Бангладеш Индиянын колдоосу менен
Пакистанга каршы күрөшүп, өз алдынча мамлекет болгон экен.
"Улуу империяга" баш ийбеген Непал: географиялык кыйынчылыктар, мыкты армия
Непал - Британ империясынын колониясы болбоптур. XIX кылымдын 14-16-жылдардагы согушта англис армиясы жеңгенине карабай Непал негизги аймагын сактап калган. Бирок, бир нече районунун берип койгон.
Непал - Гималай тоолорунун арасында жайгашып, рельефи татаал болгондуктан, англис аскерлерине бийик ашууларда, өйдө-төмөн жерлерде, өзгөчө климаттык шарттарда согушуу кыйынчылык жараткан. Анан калса жергиликтүү армия мыкты каршылык көрсөткөнүн айтса кетпесек болбойт. Мындан улам дипломатиялык келишим түзүп, ынак коңушу болуп жашаган.
Төрт эл - бир тил
Бүгүнкү күндө Индияны, Пакистанды, Бангладешти, Непалды тарыхый, маданий жана салттык байланыштар байланыштырат десем ашыктык кылбас. Анткени, бул элдердин маданияты, салты абдан окшош экен дешеттер. Бирок, бул 4 өлкөнүн эли тарыхта бир эл болгонун далилдебейт. Деген менен урду, бенгали, хинди, непали тилдери Индоарий тилдерине кирет экен. Археологиялык жана тарыхый далилдер жок болсо да, бир тууган эл кылып койсок болбойбу(псевдотарыхчылык синдрому)?)))
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.