Президент Оштун мэрине катуу сөгүш жарыялады
Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаевге катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 16-сентябрда Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Анда белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, 2025-жылдын 4-июнундагы №175 «Саясий мамлекеттик кызмат орундар, атайын мамлекеттик кызмат орундар жана саясий муниципалдык кызмат орундар тууралуу» президенттин жарлыгынын 2-пунктунун 8-иченемине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбай, этиканын нормаларын сактабагандыгы үчүн Женишбек Шермаматович Токторбаевге катуу сөгүш жарыяланды.
Эске салсак, Токторбаев бул кызматка 2025-жылдын 23-январында дайындалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.