Бириккен күрөш дүйнөсү Кыргызстанга күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугун берген жок
Бириккекн күрөш дүйнөсү (UWW) 16-сентябрда 2026-жылкы күрөш боюнча дүйнө чемпионаттарынын даталарын жана өтүүчү жерлерин жарыялады.
Чоңдор арасындагы турнирди Бахрейн биринчи жолу 5–13-сентябрда кабыл алат. Ошондой эле ошол эле жерде август айында дүйнө чемпионаты (U-20) өтөт.
Дүйнө чемпионаты (U-17) июль-август айларында Азербайжанда, ал эми жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты (U-23) октябрь айында АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт.
U-23 дүйнө чемпионатын өткөрүүгө Кыргызстан жана Хорватия да талапкер болгон.
Азия чемпионаты 2026-жылы кайрадан Иорданиянын Амман шаарында 7–12-апрелде өтөт.
Азия чемпионаты (U-17) жана (U-23) Вьетнамда, ал эми (U-15) жана (U-20) Таиландда өтөт.
Ветерандар арасындагы дүйнө чемпионаты 2026-жылы октябрь айында Иорданияда өтөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.