Ош шаардык кеңешинин депутаты Илхомжан Каримов такталбаган маалыматты айтканы үчүн коомчулуктан кечирим сурады
10-сентябрь күнү Ош шаардык кеңешинин сессиясында Пакистандын жарандары боюнча статистикалык маалыматтарды туура эмес айтканым үчүн кечирим сурайм. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош шаардык кеңешине «Жаңы Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон Илхомжан Каримов билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Анын айтымында, 2025-жылдын 10-сентябрь күнү Ош шаардык кеңешинин XIII сессиясында пакистандык жарандардын Кыргызстандын жарандыгын алганы боюнча туура эмес маалымат айтып алган.
«Саламатсыздарбы, урматтуу кыргыз элим! Мен – Каримов Илхомжан, Ош шаардык кеңешинин депутатымын. 2025-жылы 10-сентябрь күнү Пакистандын жарандарынын кыргыз жарандыгын алган деген туура эмес статистиканы көрүп, туура эмес айтып койдум. Ошону үчүн мен кыргыз элимден, жогорку бийликтен кечирим сурайм! Мындан кийин мен такталбаган маалыматтарды таркатбоого убада берем. Маалыматты текшерип, анан таратам»,- деди ал.
10-сентябрь күнү Ош шаардык кеңешинин сессиясында депутат Илхомжан Каримов 8 миң пакистандык жаран кыргыз жарандыгын алганын айткан. Кийинчерээк бул маалымат коомчулук тарабынан катуу талкууланган эле.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.