Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинде кызматкерлер жетишсиз, - депутат

Орусиядагы Кыргызстан элчилигинде кызматкерлер жетишсиз, деп билдирди депутат Сүйүнбек Өмүрзаков («Ишеним») 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында, деп жазат "АКИпресс".

Анын айтымында, Орусиянын миграциялык саясатына бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Көптөгөн жарандар өлкөдөн чыгарылган.
 
«ТИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 98 миңден ашуун Кыргызстандын жараны “кара тизмеден” чыгарылган. Бирок тизмеде дагы деле 70 миңге жакын киши калып жатат. Жарандар консулдардын санын көбөйтүүнү суранып кайрылышууда, анткени бүгүнкү күндө жетишсиздик сезилүүдө», – деди депутат.
 
10-сентябрдан тарта РФда миграциялык эрежелер катаалдашты. Өлкөдө мыйзамдашпаган чет өлкөлүк жарандар чыгарылууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз