Тилекмат Кудайберген уулу Эмил Жамгырчиевдин паспортун алган эмес, - жактоочу
Бишкектеги Ленин райондук сотунда 17-сентябрда социалдык тармактарда Тилекмат Куренов деген ысым менен белгилүү болгон активист Тилекмат Кудайберген уулуна карата тергөө-камак чарасы каралууда, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Анын адвокаты Айбек Турдуевдин журналисттерге маалымдашынча, учурда Куренов СИЗО-1де кармалууда. Ал КРнын Жазык кодексинин «Массалык баш аламандыктарга чакырыктарды жарыялоо» жана «Топ болуп бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренелери боюнча шектелүүдө.
«Менин жактоомдогу адамдын абалы жакшы. Тергөочүгө эч кандай доомат жок, анткени тергөө мыйзамдын чегинде жүрүп жатат», — деп белгиледи адвокат Турдуев.
Анын айтымында, иликтөө менен УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы алектенүүдө.
Мындан тышкары, адвокат Турдуев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмиль Жамгырчиевге карата коюлуп жаткан айыптоолорго да түшүндүрмө берди. Буга чейин ал Дубайда экөө чогуу жүргөндө активисттин паспортун Жамгырчиев уурдап алган деген маалыматтар тараган эле.
«Бул болгону шек саноолор болчу. Бүгүнкү күндө алар жокко чыгарылды. Биз ишенимдүү түрдө Жамгырчиев паспорт алган эмес деп айта алабыз», — деди адвокат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.