Жалал-Абад шаары Манас шаары болуп өзгөрдү
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 17-сентябрда мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мыйзам 2025-жылдын 10-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
«Мыйзамдын максаты — улуттук идеологияны чыңдоо, кыргыз элин ар түрдүү баскынчылыктардан коргогон улуу баатыр Манастын ысымын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп саналат.
Ушуга байланыштуу мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаары болуп кайра аталды», — деп айтылат президенттин маалымат кызматын билдирүүсүндө.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.