Аба ырайы кескин өзгөрүп, суук болот
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 18-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт: мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, тоо кыркаларында кар түшөт, айрым жерлерде нөшөрлүү жаан болот.
Абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт, 17-18-сентябрда:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11°, күндүз +17…+22°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7°, күндүз +15…+20°;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндүү аймактарында түнкүсүн +9…+14°, күндүз +20…+25°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +4…+9°, күндүз +15…+20°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймагында түнкүсүн +2…+7°, күндүз +16…+21°;
Тоолуу райондордо түнкүсүн 0…+5°, күндүз +9…+14°;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7°, күндүз +1…+6°.
Шамал батыштан, ылдамдыгы 4-9 м/с, айрым жерлерде 15-20 м/с чейин күчөшү мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле малды жайыттарда багууну жана кармоону кыйындатат.
Өлкө аймагында 18-19-сентябрда нөшөрлүү жаандын айынан ойдуң жерлерде суу каптоо коркунучу бар.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.