Жогорку сот Камчы Көлбаевдин жубайынын жаза мөөнөтүн кыскартты

2024-жылдын 18-декабрында Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы Камчы Көлбаевдин жарандык жубайы Тентешова Нурия Жумакадыровнага карата буга чейинки соттук чечимге өзгөртүү киргизди.

Соттук коллегиянын төрагасы А. Сыдыков, судьялар С. Атакулов жана Д. Назаров катышкан отурумда мурдагы соттук актылар жарым-жартылай өзгөртүлүп, Тентешованын жаза мөөнөтү 8 жылдан 7 жылга чейин кыскартылды.
 
Буга чейин, 2024-жылдын 8-августунда Бишкектин Октябрь райондук соту, ал эми 26-сентябрда Бишкек шаардык сотунун кылмыш жана жоруктар боюнча соттук коллегиясы Тентешова жана Көлбаевдин апасы Алиева Майя Сайткуловнага карата өкүм чыгарган.
 
Жогорку соттун акыркы чечимине ылайык, Тентешова Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (1997-жылдагы редакция) боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды. Ал учурда издөөдө деп жарыяланган жана кармалган учурдан тартып камакка алынмакчы. Андан соң, тиешелүү түзөтүү мекемесине жөнөтүлөт. Анын издөө иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусундагы башкармалыгы жүргүзөт.
 
Мындан тышкары, сот коллегиясы адвокаттар Канат Асанкадыр жана М. Жумашев тарабынан берилген кассациялык даттанууларды канааттандырган жок.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз