Күрөш боюнча Кыргызстандын аялдар курамасы кайтып келди

Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча курама командасы 20-сентябрда Загребден (Хорватия) кайтып келди. Ал жакта спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн.

«Манас» аэропортунда спортчуларды Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин Олимпиадалык түрлөр дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, ошондой эле балбандардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Чемпионаттын жыйынтыгында Кыргызстандын аялдар курамасы эки медаль багындырды:

76 кг салмактагы Айпери Медет кызы күмүш медаль алды;

72 кг салмактагы Нурзат Нуртаева коло медаль тагынды.

Бул турнирде Кыргызстандын аялдар курамасында үч спортчу катышты. Командалык эсепте Кыргызстан 35 упай менен 50 команданын ичинен 9-орунду ээледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз