Денис Петрашов Кыргызстанга келди

4-август күнү Кыргызстанга сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү — Денис Петрашов жана Айымкыз Айдаралиева кайтып келишти. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
 
Сингапурда өткөн чемпионатта Денис Петрашов 100 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө үчүнчү орунду ээледи жана коло медалга татыды. Сингапурга чейин ал Германияда өткөн Дүйнөлүк Универсиадага катышып, 100 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө алтын медаль жеңип алган.
 
Айымкыз Айдаралиева 100 метрге эркин стиль боюнча мелдешке катышты. Бул дистанцияда жалпысынан 84 спортчу ат салышты. Кыргызстандык 15 жаштагы спортчу экинчи заплывда сүзүп, 5-орунду ээлеп, 1 мүнөт 01,45 секунддук жыйынтык көрсөттү. Жалпы эсепте ал 61-орунду ээледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз