ИИМ: 1-октябрдан баштап мыйзамсыз автоунаалар өлкөдөн чыгарылып, же тетикке сатылууга тийиш
Азыркы учурда 13 миң чет элдик номуру бар автоунаа легалдаштырылды. Бул тууралуу ИИМ өкүлү Нурдин Самбаев билдирди, деп жазат "Тазабек" басылмасы.
Анын айтымында, 1-октябрдан тартып №168 токтомго ылайык, легалдашпаган автоунаалар өлкөдөн чыгарылышы же тетикке бөлүнүп, утилдештирилиши керек.
«Жарандардын көпчүлүгү автоунааларын легалдаштыруу мөөнөтүн узартууну, Орусиядан алынган автоунааларга карата каттоо төлөмүн азайтууну суранышууда», – деди ал.
Анын айтымында, оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруунун баасы 50 миң сомду түзөт.
«Ал эми сол рулдуу автоунааларды кайра катталган өлкөгө, тактап айтканда Орусияга чыгарып, ал жактан каттоодон чыгарып, кайра Кыргызстанга алып келүү зарыл. Бул учурда төлөм болжол менен 13 миң сомду түзөт», – деп белгиледи Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Руслан Тыналиев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




