Нура айылынан 23 чакырым алыстыкта жер титиреди
Кытай аймагында саат 11:34тө очогунда күчү 3 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу 23 км тереңдикте жайгашкан. Эпицентри Иркештам айылынан түндүк-чыгышты көздөй 18 км, Нура айылынан түндүк-чыгышты көздөй 23 км, Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 142 км аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




