Өлкөдө 7-июнь күнү үч жер титирөө катталды
Кыргызстанда 7-июнь күнү үч жер титирөө катталды, — деп билдирди Сейсмология институту.
Нарын облусунда саат 09:33тө очогунда күчү 5 балл болгон жер титирөө болду. Жер титирөөнүн очогу Орто-Сырт айылынан түштүк-чыгышты карай 15 км, Ак-Бейит айылынан түндүк-чыгышты карай 20 км, Казыбек айылынан түштүк-батышты карай 25 км аралыкта жайгашкан.
Орто-Сырт, Кара-Булак айылдарында силкинүү 4,5 баллга чейин сезилсе, Кызыл-Туу, Казыбек, Кара-Булун жана Ак-Бейит айылдарында 4 баллга чейин сезилди.
Саат 17:14тө Ош облусунда очогунда күчү 3 балл болгон дагы бир жер титирөө катталды. Анын очогу Академик Адышев кыркасында, Уч Каптал айылынан түштүк-чыгышты карай 8 км, Кара-Жыгач айылынан батышты карай 9 км, Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 55 км аралыкта жайгашкан.
Саат 18:03тө Нарын облусунда дагы бир жер титирөө болду, очогунда күчү 3,5 баллга жетти. Очогу Кара-Булак айылынан чыгышты карай 14 км, Кызыл-Туу айылынан батышты карай 25 км аралыкта жайгашкан. Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында силкинүү 3 балл, Кызыл-Туу, Казыбек жана Кара-Булун айылдарында 2,5 балл болуп сезилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.