Кыргызстанда мамлекет автоунааларга номур чыгара баштайт
«Учкун» ААК автоунаалар үчүн мамлекеттик номерлерди чыгара баштады, – деп билдирди Президенттин иштерин башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев уюмду кыдырган учурунда.
Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанда мамлекеттик номерлер чыгарылган эмес. Алар Орусиядан жеткирилчү, ал эми Кыргызстанда болгону штампталчу.
«Билгениңиздердей, жакында «Унаа» Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бул туура чечим. Биз реформаларды баштадык. Эми «Унаага» барганда кезек күтүүлөр болбойт. «Түндүк» аркылуу онлайн түрдө унаа сатып өткөрүүгө шарт түзүлөт. Ал эми «Унаага» барганда болгону төрт терезе иштейт, ошол жерден техпаспорт жана номер алса болот», – деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



