"Алтын топ" сыйлыгы "Барселонанын" футболчулары үчүн жемиштүү болду
22-сентябрда Париждеги Шатле (Théâtre du Châtelet) театрында футбол дүйнөсүндөгү эң абройлуу сыйлык — Ballon d’Or (Алтын топ) тапшырылды. Бул кечеде эркектер жана аялдар арасындагы мыктылар, жаш футболчулар, дарбазачылар жана машыктыруучулар таанылды.
Жеңүүчүлөр:
- Эркектер арасында «Алтын топ» — Усман Дембеле («Пари Сен-Жермен», Франция);
- Аялдар арасында «Алтын топ» — Айтана Бонмати («Барселона», Испания);
- Kopa Trophy (мыкты жаш футболчу, эркектер) — Ламине Ямал («Барселона»);
- Kopa Trophy (аялдар) — Вики Лопес («Барселона»);
- Yashin Trophy (мыкты дарбазачы, эркектер) — Жанлуиджи Доннарумма («ПСЖ»);
- Yashin Trophy (аялдар) — Ханна Хэмптон (Англия);
- Gerd Müller Trophy (мыкты бомбардир, эркектер) — Виктор Гёркерес ("Арсенал", Норвегия);
- Gerd Müller Trophy (аялдар) — Эва Пажор (Польша);
- Johan Cruyff Trophy (мыкты машыктыруучу, эркектер) — Луис Энрике («ПСЖ»);
- Johan Cruyff Trophy (аялдар) — Сарина Вайгман (Англиянын аялдар курамасынын машыктыруучусу, Нидерландия);
- Жылдын клубу (эркектер) — «Пари Сен-Жермен»;
- Жылдын клубу (аялдар) — «Арсенал»;
- Sócrates Award (коомдук жана кайрымдуулук иштери үчүн) — Xana Foundation.
«Алтын топ» сыйлыгынын тарыхы
«Алтын топ» 1956-жылы француз журналисти Габриэль Ано тарабынан «France Football» журналынын демилгеси менен негизделген. Алгач сыйлык Европада ойногон мыкты футболчуга гана берилчү. 1995-жылдан баштап дүйнөнүн бардык оюнчулары катыша баштаган. 2010–2015-жылдары бул сыйлык ФИФА менен биригип, FIFA Ballon d’Or аталышы менен өткөрүлгөн. 2016-жылдан тартып кайрадан «France Football» өз алдынча уюштуруп келет.
Аялдар арасындагы «Алтын топ» (Ballon d’Or Féminin) болсо биринчи жолу 2018-жылы тапшырылган.
«Алтын топ» эң көп уткан футболчулар:
- Лионель Месси – 8 жолу (2009, 2010, 2011, 2012, 2015, 2019, 2021, 2023);
- Криштиану Роналду – 5 жолу (2008, 2013, 2014, 2016, 2017);
- Мишель Платини, Йохан Кройф, Марко ван Бастен – ар бири 3 жолу.
Аялдар арасында:
- Айтана Бонмати – 3 жолу (2023, 2024, 2025);
- Алексия Путеллас – 2 жолу (2021, 2022).
Бул эки футболчу тең "Барселонанын" кыз-келиндер клубунун өкүлдөрү болуп саналат.
2025-жылдагы сыйлык Усман Дембеле үчүн карьерасынын чокусу болду. Ал Францияда өспүрүм кезинен эле чоң үмүт жараткан, эми болсо дүйнөнүн эң мыктысы деп таанылды. Ал эми Айтана Бонмати аялдар футболунун теңдешсиз лидери катары тарыхта өз ордун дагы да бекемдеди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



