1-октябрдан баштап Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жана техникалык паспорттор берилет
1-октябрдан тартып Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жана техникалык паспорттор берилет, деп билдирди президенттин иштер башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Учкун» ААКсына болгон сапары учурунда.
Анын айтымында, жаңы айдоочулук күбөлүктөрдө коргоо деңгээли жогору.
«Мурдакыларда бул каралган эмес. Азыр чиптер орнотулат. Аларды жасалмалоо мүмкүн эмес», — деди ал.
Техникалык паспорттордун айырмасы — мурдагысы кагаз түрүндө болсо, азыркысы карта түрүндө болот.
Каныбек Туманбаев белгилегендей, паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү, техпаспортторду, окуу китептерин чыгаруу тартиби иретке келтирилди.
«Мурда баары менен жеке менчик ишканалар алектенчү. Эми биз баарын иретке келтирдик. Баары «Учкунда» чыгарылат», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




