Кара-Кулжа: Ылай-Талаа айыл аймагынын башчысы менен ЖЧКнын жетекчиси мамлекетке 700 миң сом зыян келтирүүгө шектелип кармалышты
Кара-Кулжада кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Кара-Кулжа районунун Алайку айыл өкмөтүндө 2022-2023-жылдар аралыгында аткарган ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтер боюнча топтолгон материалдын негизинде райондук прокуратура тарабынан 2025-жылдын 13-август күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, РИИБ тарабынан ыкчам-тергөө амалдары башталган.
«Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында 1972-жылы туулган Э.Б. аттуу жаран (учурда Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын башчысы) жана 1995-жылы туулган А.Э. (курулуш иштерин жүргүзгөн ЖЧК жетекчиси) шектүү катары кармалышып, 2025-жылдын 23-сентябрында убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 774 миң 900 сомду түзөт»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөрдун башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




