УКМК ЖКнын экс-депутатын ири көлөмдөгү алдамчылыкка шектеп кармады

Ош шаарында «Береке курулуш компаниясы» ЖЧКсынын (мурунку «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кенештин депутаты Улугбек Садиков – ред.) директору «С.У.Ч.» ири көлөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу 24-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, 2019-жылдын 4-апрелинде «С.У.Ч.» менен «А.А.» көп кабаттуу турак жай куруу боюнча үлүштүк катышуу тууралуу келишим түзгөн. «А.А.» курулуш үчүн Ош шаарында 45 сотых жер участогун берген.

«Келишим шарттарына ылайык, курулуш компаниясы курулуш бүткөндөн кийин «А.А.»га жалпы көп кабаттуу үйдүн 2 миң 750 чарчы метр аянтын берүүгө милдеттенген. Бирок «С.У.Ч.» өзүнүн таасир күчүн колдонуп, келишимдик милдеттенмелерди аткарган эмес жана аталган жер участогун мыйзамсыз түрдө өз компаниясынын атында каттаган», – деп билдиришти атайын кызматта.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында «С.У.Ч.»га КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пункту (ири көлөмдөгү алдамчылык) боюнча айып тагылды. Ага карата тергөө учурунда кармоо чарасы катары камакка алуу чечими кабыл алынган. Тергөө иштери уланууда.

Маалымат:

Юстиция министрлигинин электрондук реестрине ылайык, « «Береке» курулуш компания" ЖЧКсынын жетекчиси Садиков Улугбек Чирмашович болуп, ал 2020-2021-жылдары Жогорку Кенештин VI чакырылышынын депутаты болгон. ««Береке курулуш компаниясы» ЖЧКсынын негиздөөчүсү катары Нурдинов Мирлан Жумадилович көрсөтүлгөн.

Кылмыш-жаза кодексинде «ири көлөмдөгү» дегенде кылмыш учурунда эсептелген көрсөткүчтөн 25 миң эсе ашык зыян түшкөн учур түшүнүлөт – демек, 2,5 млн сомдон көп.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз