Ошто Өзбекстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы белгиленди

Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чара Өзбекстандын Ош шаарындагы Генералдык консулдугунда уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардагы башка консулдуктардын өкүлдөрү жана коомчулук катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки боордош элдин ортосундагы достукту жана коңшулук мамилени чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленип, тараптар мындан аркы кызматташтык дагы да өнүгө берерин белгилешти.

Өзбекстандын Ош шаарындагы Консулдугу экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана өлкөдө жашаган өзбек жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында ачылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жылуу коңшулук мамилелер эки өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет. Мамлекет башчыларынын жолугушууларында да бул кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө дайыма баса белгиленип келет.

Салтанаттуу иш-чарада ыр-күүлөр жаңырып, эки элдин ынтымагы жана достугу даңазаланды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз