"Тажыяга баргандай болбой": Депутаттар Ош шаарындагы коммерциялык имараттар кара түстө болуп жатканына нааразы болушту
Ош шаардык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги 8- маселе – «Ош шаарындагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү жана маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелеринин аткарылышы жөнүндө” маселени карап жатат.
Анда «Милдет» фракциясынан депутат Медербек Абдыманапов шаардагы коммерциялык объектердин кара түскө боелуп жатканына боюнча кызыкты.
Депутаттын айтымында, имараттардын баары бирдей ак түстө болуп, коммерциялык объектер бирдей кара түстө болуп клууда.
«10-сентябрда ушуну карап коелу десем, карабай эле өткөрүп жиберишкен да, токтомдучу. Сиздердин дизайн-коддоруңарды карап көрсөм, сиздер берген дизайндардын – көчөдөгү имараттардын жетөө кара түстө да. Шаарды креативдүү, туристтер келе турган шаар, өзгөчө адамдар жашай турган шаар катары көрөбүз. Келсе эле баары кара түстө. Бизнец центр десең деле кара түстө болуп турат. Кафе, дүйкөн деле кара түстө болуп турса, кара түстү «траурный свет» деп коет да. Ошондуктан, өткөндө суроо-сунушу жок токтом долбоорун өткөрүп жиберишкен да, «суроо берели, сунуш берели» десем болбойчу. Балким ушуну карап чыгасыздар дагы, шаарда кара түстү азайтсак да. Мына силер жалаң Түркмөнстандай кылып, үйлөрдүн баарын аппак кылдыңыздар дагы, коммерциялык объект, соцобъекттердин баарын кара түскө бое койдуңар да. Сизден сураныч, коммерциялык объекттерге, бизнес объекттерге эркиндик берсеңиздер. Тажыяга баргандай болбой, жакшы түстөр менен курулсун»,- деди ал.
Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Азамат Каныбек уулу Ош шаарында «баары бир түстө болсун» деген мыйзам жоктугун билдирди.
«Талап ушундай окшойт. Кичи-орто бизнес болобу, кайсыл имарат болбосун долбоорун жасаганда сырткы көрүнүшүен кара түстө жасап жатышат. Бишкекти байкап келсек, ал жакта да ушундай болуп жатат. Негизинен биз «түсүн кара кылгыла» деп эч кимге таңуулаган жокпуз. Мына Ош район тараптагы жолдун бою боюнча бизнесмендер келиптир, «имараттын сыртын ак кылабыз» деп. «Мейли» деп долбоорун жасап бердик. Биз антип «мындай кыл» деп эч кимдин колу-бутун байлаган жокпуз. Жакшы проект болсо колдоп бергенге дайым даярбыз»,- Ош шаарынын башкы архитектору.
Ага улайы эле «Жаңы Кыргызстан» фракциясынан депутат Хулькар Исамова да дизайн-код боюнча пикирин билдирип, имараттардын көрүнүшү «бирдей стилде, ретро стиль» болуп жатканын кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




