Ысык-Көлдүк Элзат Асанова "Жылдын мыкты мугалими" деп табылды

2025-жылдын 22-24-сентябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсу өткөрүлдү. Конкурска республиканын бардык аймактарынан 111 талапкер катышып, 18 номинация боюнча мөөрөй талашты.

Конкурстун республикалык этабы үч турдан туруп, катышуучулар төмөнкүдөй сынактардан өтүштү:

«Педагогикалык кырдаалдар» – педагогикалык иштин моделдерин билүү жана маселелерди чечүү боюнча тесттик сынак;

«Мастер-класс» – кесиптик чеберчиликти көрсөтүү;

«Сабак» – практикалык сабак өтүү сынагы.

Жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асанова Элзат Бакытовна баш байге ээси – «Жылдын мыкты мугалими» деп табылды.

Ошондой эле калыстар тобунун чечими менен ар бир предмет боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:

Токтоноева Ардак Аналбековна – мыкты башталгыч класстар мугалими (Бишкек, №68 Алыкул Осмонов атындагы мектеп);

Салахудинова Озада Хасанбаевна – мыкты орус тили жана адабияты мугалими (Ош, №43 З.М. Бабур атындагы мектеп);

Асылбеков Азирет Эмилевич – мыкты тарых мугалими (Чүй облусу, Аламүдүн району, О. Турсуматов атындагы мектеп);

Хафизова Зулхумор Шакиржановна – «Адам жана коом» предмети боюнча мыкты мугалим (Ош, №4 С. Киров атындагы мектеп);

Шорохова Махабат Абдрасуловна – мыкты чет тил мугалими (Ош облусу, Өзгөн району, №14 А. Тангатаров атындагы жатак мектеп);

Абдиев Эрали – мыкты география мугалими (Ош облусу, Алай району, №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы жатак мектеп);

Шаршенбаева Надира Абадановна – «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим (Нарын облусу, Кочкор району, Н. Жүндүбаева атындагы мектеп);

Урпалыев Кубанычбек – мыкты музыка мугалими (Ысык-Көл облусу, Тоң району, М. Мамбетов атындагы мектеп);

Кыдыров Асылбек Бердибекович – мыкты дене тарбия мугалими (Ысык-Көл облусу, Түп району, Ж. Асаналиев атындагы мектеп);

Чынасылова Айнура Аскарбековна – көркөм сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим (Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, А.С. Пушкин атындагы мектеп).

Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Мугалимдер күнүн утурлай 4-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

Аталган конкурс мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана билим берүү системасынын өнүгүшүнө чоң салым кошту.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз