Өзгөн: Жаңы окуу жылына даярдык жакшы

Өзгөн районундагы билим берүү мекемелеринин саны  107, анын 104ү  мамлекеттик, 3өө жеке  менчик мектеп.  Жогорку мектептердин 94ү орто, 5өө  толук эмес орто, 8и башталгыч мектептер. Анын ичинен жалпы мамлекеттик мектептердеги окуучулардын саны 56837, М.Разаков жатак-интернатындагы окуучулардын саны 181, сырттан окутуу  мектебиндеги окуучулдардын саны 3366, менчик мектептерде окуган окуучулардын саны  122.  Жакында биздин кабарчыбыз  райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, Өзгөн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максатбек Ибраимовго  жолугуп, аны менен  маектешип кайткан. 

 -Максатбек Тургунбекович, сөздү Өзгөн районунда билим берүү мекемелеринин  билим берүү сапатынын көрсөткүчтөрү,  предметтик олимпиадалардын, жалпы республикалык тестке  катышуунун жыйынтыктары тууралуу  баштасак.  
      
-  2024-2025-окуу жылында райондук билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы мектептерден предметтик олимпиадалардын II райондук этабында  34 окуучу жеңүүчү болуп,  олимпиаданын III облустук этабына катышып, 4 окуучу 1-орунга, 5 окуучу 2-орунга жана 3 окуучу 3-орунга ээ болуп, жалпысы 12 окуучу байгелүү орундарга жетишишти. Ал эми республикалык  олимпиадага 9 окуучу активдүү катышып келишти. Олимпиада боюнча райондо жыл өткөн сайын алга карай өсүү байкалууда.
 
2022-2023-окуу жылында Жалпы республикалык тестке Өзгөн районунун мектептеринин 11-классынын 3259 бүтүрүүчүсүнөн 1344 окуучу катышып, 200дөн жогорку баллга 5, 2023-2024-окуу жылында Жалпы республикалык тестке Өзгөн районунун мектептеринин 11-классынын 3398 бүтүрүүчүсүнөн 1158 окуучу катышып, 13,  2024-2025-окуу жылында Жалпы республикалык тестке Өзгөн районунун мектептеринин 11-классынын 3711 бүтүрүүчүсүнөн 1304 окуучу катышып, 15 окуучу ээ болушту.  Алардын басымдуу көпчүлүгү-А.Тангатаров мектеп гимназиясынын,  К.Раимбеков, Жылалды, К.Өмүрзаков, Ж.Абдрасулов, Т.Орозов  жана Ж.Бөкөнбаев атындвгы мектептин  бүтүрүүчүлөрү.  2024-2025-окуу жылында  өткөн окуу жылына салыштырганда 200 баллдан ашкан окуучулардын саны 2 ге өскөн.
 
Талдоо көрсөткөндөй райондо окуучулардын  акыркы 3 жылдагы  билим  сапатында  өсүштөр бар.   Быйыл жобонун  өзгөргөндүгүнө байланыштуу  2024-2025-окуу жылында район боюнча 11-класстын 103 бүтүрүүчүсү кызыл аттестат, ал эми 9-класстын 137 бүтүрүүчүсү артыкчылык күбөлүк алышты.
 
  - Райондун аймагында 2024-2025-окуу жылында Дөң-Булак айыл аймагынын Чымбай айылындагы Т.Сарыков, Жалпак-Таш айыл аймагынын Кысык-Алма айылындагы А.Ташмаматов, Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кашка-Терек айылындагы К.Кулматов атындагы орто мектебинин  имараттары  пайдаланууга берилген болчу. Андан сырткары кайсыл аймактарда  мектептердин курулушу  жүрүп жатат. 
 
- Бүгүнкү күндө  район боюнча 9 мектептин  курулушу башталган.  Атап айтсак, республикалык  бюджеттин эсебинен Кызыл-Октябрь айыл аймагында П.Жолдошов,   Жалпак-Таш айыл аймагынын Т.Жоробеков, Төрт-Көл айыл аймагындагы “Жылалды”, Т.Орозов, Баш-Дөбө  айыл аймагындагы И.Базаркулов, Ийри-Суу айыл аймагынын К.Ботояров атындагы орто мектептеринин имараттары,  Дүйнөлүк банктын эсебинен Төрт-Көл айыл аймагындагы  Ана-Кызыл айылында А.Өмүрзаков атындагы орто мектебинин  курулуштары жүрүп жатат. Ошондой эле  Мырза-Аке айыл аймагындагы К.Раимбеков атындагы орто мектебинин курулуш иштери башталуу алдында турат.
 
 -Республикабыздын аймагында 12 жылдык билим берүүгө өтүү иш-чаралары жүрүп жатат. Өзгөн району  бул реформага даярбы?  Анын маани-маңызын түшүндүрүү, мугалимдерди методикалык жактан колдоо багытында кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө? 
 
- Бул багытта үстүбүздөгү жылдын  18-июлунда  “Жанылыктын жарчысы” аталышында райондук форум уюштурулду.  Анда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн негизги элементтери: жаңы  мамлекеттик билим берүү стандарты, предметтик стандарттар, базистик окуу планы, ошондой эле жаңыланган окуу китептери  жана программалары талкууланды.  Баарыбызга белгилүү,  жакында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган семинар-форум Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулду.  Бул семинарга биздин  райондон   методикалык кабинеттердин башчысы жана 13 мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары катышты. Дал ушул адистер 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча реформанынын маңызын түшүндүрүүдө, мугалимдерди методикалык жактан колдоодо жана аларга  жеринде  жардам көрсөтүүдө негизги ролду аткарышат. 
 
Форумдун жыйынтыгында  методикалык ишти күчөтүүгө, жаңы окуу материалдарын натыйжалуу пайдаланууга жана мугалимдерди системалуу колдоого алып келээри күтүлүүдө.   Кыргыз Республикасында 12 жылдык билим берүү системасына  этап-этабы менен  өтүү жүрүп жаткандыгы айтылды. 12 жылдык билим берүүнүн жолдорун мектеп мугалимдерине түшүндүрүү, окууларды, семинарларды уюштуруу максатында Жазы аймагы боюнча А.Өмүрзаков атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн  башчысы   Бошотоев Чынгыз, Куршаб аймагы боюнча  Токтогул атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Мурзалиев Мелис,   Мырза -Аке аймагына А.Маматов атындагы орто  мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Арапова Махабат,  Өзгөн шаарына караштуу мектептерге окуу-усулдук каанасынын башчысы Жусуева Анаркан жооптуу болуп бекитилди.  
 
- Райондун аймагындагы мектепке чейинки билим берүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу  айта кетсеңиз?
 
- Бул  багыттан алганда, бизде  мактана турган иштер арбын. Район боюнча 10300 бала бала бакчага тартылган. Бизде жыл өткөн сайын бала бакчанын саны көбөйүп жатат. Акыркы 3 жылда 27 бала бакча ачылды.  Бүгүнкү күндө  117 бала бакча иштеп жатат.  Азыркы учурда республикалык  бюджеттин эсебинен Кенеш, Наристе, Азада апа, Ак ниет,  Красный Маяк сыяктуу 5 балдар бакчасынын курулушу жүрүп жатат. Аталган балдар бакчалары пайдаланууга берилип калса,  475 бала  мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартылат. 
 
Акыркы  жылдарда  райондогу бала бакчалар бир топ ийгиликтерди жаратышты. Атап айтсак 2023-жылы “Асыл Мырза” балдар бакчасынын тарбиячысы облуста “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагында  2-орунга ээ болгон. 2024-жылы “Наристе”, “Ханбаян Нур”, Келечек балдар бакчалары “Жылдын мыкты инновациялык бала бакчасы”,   “Жылдын мыкты тарбиячысы”, “”Жылдын мыкты усулчусу”, “Жылдын мыкты музыканты”  кароо-сынактардын  облусттук, республикалык  турларына катышып, байгелүү орундарга жетишишти.
 
2025-жылы СТЕМ-багыты боюнча бала бакчалардын 200гө жакын тарбиячысы жаны технологиялар жана интеграцияланган методдор боюнча атайын окуудан өтүшүп, өз иштеринде колдонушууда.
 
-  Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы жыл  сайын  чыгармачылык менен иштеп жаткан алдынкы билим берүү мекемелерин  колдоо, мугалимдерге, балдар бакчаларынын тарбиячыларына дем берүү максатында сыйлыктарды  берип  келүүдө. Мындай иш-чаралар быйыл да  уланабы?
 
- Сиздер туура байкагандай,  Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы билим берүүгө  олуттуу  көнүл буруп келет. Алдынкы чыгармачылык менен иштеп жаткан  мектеп коллективин колдоо, мугалимдерге дем берүү максатында  таасирдүү иш-чараларды аткарып келет.  Мисалы, 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен 2024-2025-окуу жылынын башында акимибиз  Каныбек Апбасов  райондогу  А.Тангатаров атындагы мектеп-гимназиянын жамааты окуу-тарбиялык иштеги бардык көрсөткүчтөр боюнча 1-орунду ээлегендиги үчүн женил автомашина  ыйгарган. Ал эми  2-орунду ээлеген  Б.Келдибаев атындагы орто мектебинин коллективине 500 000 (беш жүз мин) сом,  3-орунду  ээлеген Ж.Абдрасулов жана Ж.Мойдунов атындагы орто мектептерине  35 000  (отуз беш мин) сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырган. 
 
Өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан алдынкы, чыгармачылык менен иштеп жаткан бала бакчаларынын коллективине  400 000 (төрт жүз мин) сом  кызыктыруучу сыйлык коюлган. Бул сыйлыктардын ээси  “Наристе” жана “Ханбаян Нур” бала бакчаларынын коллективи болушкан. Ар бир бала бакчага   200 000 ( эки жүз мин) сомдон берилген.
 
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы менен жаны окуу жылынын башталышына карата чыгармачылык менен иштеп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен алдынкы,мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  жамааттарына акимдин дем берүүчү сыйлыктары бар.
 
Маектешкен:
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз