"Жылдын мыкты тарбиясы" наамынын ээлери аныкталды
2025-жылдын 22-24-сентябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурсу өткөрүлдү. Ага республиканын бардык аймактарынан 9 тарбиячы, 7 методист, 4 мамлекеттик тил мугалими жана 6 музыкалык жетекчи катышты.
Калыстар тобу конкурстун жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдү аныктады.
Тарбиячылар арасында:
1-орунду Бишкек шаарындагы №93 «Адеми» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Жолдошева Айгүл Майрамбековна;
2-орунду Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №16 мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Үмөтбекова Гүлжан Үмөтбековна;
3-орунду Ош шаарындагы №35 «Асан-Үсөн» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Рустамова Айжан Абдылашымовна ээледи.
Методисттер арасында:
1-орунга Бишкек шаарындагы №25 мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Малабекова Махабат Асанкуловна;
2-орунга Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Наристе-Сүлүктү» мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Адырова Айлита Камиловна;
3-орунга Ош облусунун Өзгөн районундагы «Алтын ачкыч» мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Тагаева Айкөкүл Турдубаевна татыктуу деп табылды.
Мамлекеттик тил мугалимдери арасында:
1-орунду Бишкек шаарындагы №162 мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Эркалиева Оксана Чынарбековна;
2-орунду Талас облусунун Талас шаарындагы №6 «Теремок» мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Сыргакбек кызы Толгонай;
3-орунду Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Сүлүктү Мурас» мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Надырова Майрамгүл Кочкорбаевна багындырды.
Музыкалык жетекчилер арасында:
1-орунду Чүй облусундагы «Чат-Кель колосок» мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Нуркулова Асия Бектурсуновна;
2-орунду Бишкек шаарындагы №13 «Тумар» мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Бусалаева Елена Александровна;
3-орунду Ош шаарындагы №40 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Ибраимжанова Элмира Исраилжановна ээледи.
Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Мугалимдер күнүнө карата 2025-жылдын 4-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




