Кыргызстанда холера оорусу чыктыбы? Саламаттык сактоо министрлигинин түшүндүрмөсү
Саламаттык сактоо министрлиги социалдык тармактарда тараган "Бишкекте холера оорусу чыгыптыр" деген маалыматты четке какты, деп жазат "Ден соолук АКИпресс" бапсылмасы.
Ведомствонун басма сөз кызматы кабарлагандай, пландык санитардык мониторингдин алкагында аймактык кызматтар ачык суу булактарын, дарыяларды жана агын сууларды үзгүлтүксүз текшерип турушат. Акыркы ирет алынган үлгүлөрдө — Ош шаарында, Араван жана Кара-Суу райондорунда холера вибриону Vibrio cholerae O1 (Огава серовары) аныкталган, бирок ал авируленттүү — адам үчүн коркунучсуз жана эпидемиялык потенциалы жок.
Министрлик алдын алуу жана эпидемияга каршы чараларды көрүү үчүн Ош облусунун санитардык кызматтарын маалымдады жана кызматтардын даярдыгы ведомстволор аралык машыгууларда тастыкталганын билдирди.
Дарыгерлер ичеги-карын инфекцияларынан сактануу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоону сунушташат:
суукту сөзсүз кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну гана ичүү;
колду самындап жакшылап жуу;
жашылча-жемиштерди жакшылап жууп, кайнак суу менен чайкоо;
курч ичеги-карын ооруларынын белгилери (кусуу, ич өткөк) пайда болсо дароо дарыгерге кайрылуу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




