Кытайда чикунгунья вирусунун коркунучунан улам COVID-19 пандемиясы учурундагыдай чектөөлөр киргизилүүдө
Кытайдын Гуандун провинциясында бийлик кайрадан COVID-19 пандемиясы учурун эске салган санитардык чектөөлөрдү киргизүүдө. Bloomberg басылмасы жазгандай, мунун себеби — чикунгунья вирусунун тездик менен жайылганы болду. Бул вирус адамдарга жугуштуу болгон чиркейлердин чакканынан жугат, деп жазат "CentralAsia".
Вирустун очогу — 10 миллион калкы бар Фошань шаары. BBCнин маалыматына ылайык, бул жакта июль айынан бери 7000ден ашуун учур катталган. Шаардагы ооруканада бейтаптар атайын москит торлору менен жабдылган керебеттерге жаткырылып, бир жумага же анализдерден вирус жоголгонго чейин ошол жерде калат. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, 95% бейтаптар жети күндүн ичинде сакайып чыгышат, жана көпчүлүк учурлар жеңил түрдө өтүүдө.
Ошентсе да, Кытайда учурда COVID-19 менен күрөшүүдөгүдөй комплекстүү чаралар көрүлүп жатат. Bloomberg жазгандай, Фошань шаарында массалык тестирлөө, жүргөн жолун көзөмөлдөө, райондук деңгээлдеги дезинфекциялоо жана дарыларды сатып алууга көзөмөл киргизилди. Дарыканалар дене табын түшүрүүчү, териге чыккан бүдүрлөрдү жана муун ооруларын басуучу 47 түрдөгү дары-дармектерди сатып алган адамдар тууралуу маалыматтарды каттоого милдеттүү. Мындай ыкма мурда коронавируска каршы күрөш маалында колдонулган: белгилүү дарыларды сатып алуу автоматтык түрдө адамдын жүрүп-туруу укугун чектеп, ПЧР тест тапшырууга милдеттендирчү.
Кытайдын Weibo жана Xiaohongshu сыяктуу социалдык тармактарында колдонуучулардын реакциясы тынчсыздануудан баштап иронияга чейин жетет: көптөр мындай чараларды "дежа-вю" катары кабыл алып, тоталдык көзөмөл заманына кайтып келгенибизди айтып жатышат. Бирок азырынча бийлик COVID маалындагыдай катаал локдаундарды киргизүүнү караштырган жок, анткени мындай чаралар экономикага катуу сокку урган болчу.
Медицина жаатындагы адистер болсо айрым кадамдардын ашыкчалыгын сындап чыгышты. RTI International уюмунун башкы эпидемиологу Донал Бисанционун пикиринде, чикунгуньяга каршы күрөшүүдө негизги көңүлдү чиркейлерди жок кылууга буруу зарыл, коронавируска каршы колдонулган ыкмаларды колдонуунун кажети жок. Бул вирус адамдан адамга жукпайт: чиркей оорулуу адамды чакканда вирус жуктуруп алат да, кийин башка адамдарга жугузат.
Фошань шаарында чиркейлерди жок кылуу боюнча жумадык кампания башталды. Бул кампанияга: массалык дезинфекция, туруксуз суу булактарын тазалоо, чиркейге каршы спиралдарды колдонуу жана москит торлорун милдеттүү түрдө пайдалануу кирет. Санитардык талаптарды аткарбаган мейманканалар, ресторандар жана ишканалар 1000 юанга чейин (болжол менен 140 доллар) айып пулга жыгылышы мүмкүн.
Мындан тышкары, Гуандун провинциясынан тышкары айрым региондор да кыймылды көзөмөлдөөнү күчөттү. Фучжоу жана Цюаньчжоу шаарларында (Фуцзянь провинциясы) Фошаньдан келгендер үчүн 14 күндүк ден соолукту көзөмөлдөө режими киргизилди. Жарандар өздөрүнүн дене табын, баш оору, муун оорулары сыяктуу симптомдорду байкап, дароо дарыгерге кайрылуусу керек. Ушундай эле чаралар Шэньчжэнь шаарынын айрым райондорунда да колдонулууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.