Санжарбек Абдукаюмов: «Учурда Араван районунда санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу»
Абдукаюмов Санжарбек Ахматович Аравандын уулу. Жогорку билимдүү. ОшМУнун медицина факультетин аяктаган. Эмгек жолун учурда өзү жетектеп турган Араван райондук санитардык-эпидемиологиялык көзмөл бөлүмүндө санитардык врач болуп иштөө менен баштаган. Андан соң, Достук өткөрмө пунктунун санитадык-көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, 2020-жылы мамлекеттик санитардык транспорт көзөмөл борборунун түштүк башкармалыгынын башчысы, 2022-жылы Ош эл аралык аэропортунда санитардык дарыгер кызматтарын аркалаган. 2024-жылдан бери Араван райондук санэпид көзөмөл бөлүмүнүн башкы дарыгери кызматында жең түрүнө иштеп келүүдө.
Санжарбек Ахматовичтин калкка кылган кызматы бааланып, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укукуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталарына татыган.
Араван райондук санитардык- эпидемиялогиялык көзөмөл бөлүмү өзүнүн ишмердүүлүгүндө коомдун ден-соолугун коргоо боюнча маанилүү иштерди жүргүзүүдө. Бөлүмдүн негизги максаты— район аймагында санитардык абалды жакшыртуу, эпидемиялык оорулардын алдын алуу жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы мыйзамдарды сактоо болуп саналат. Биз аталган бөлүмгө барып, бөлүмдүн жетекчиси Абдукаюмов Санжарбек Ахматовичке жолугуп, мында аткарылып жаткан иштер туурасында маектешип кайтканбыз.
-Санжарбек Ахматович, саламатсызбы? Кептин башын сиздин кесип тандооңузга бурсам. Бул кесипти тандап алууңузга эмне себеп же түрткү болду эле?
-Саламатсызбы, кош келиңиздер. Кесип тандоом негизинен өзүмдүн мүнөзүмө жараша эле тандап алган болсом керек. Тээ бала курагымда тамак тандап жеп, дасторконго коюлган азыктарды жыттап көрчүмүн. Мүнөзүм аябай кежир эле, мындайча айтканда «капризный» бала болчумун. Ачыган, ачыбаган тамактарды ылгашты жакшы билчүүмүн. Тазалык менен тыкандыкты жактырамын. Азыр да жумушта болобу, үйдө боломбу кайсыл жерде жүрбөюн ушул талаптарды коюп келем. Кийин медициналык факультетине тапшырганда санитардык иштер боюнча дарыгерлик кесипти атайын тандап алганмын. Себеби, мүнөзүм да, жан дүйнөмдүн жактыруусу да ушул кесипке түрткү болду десем болот.
-Санжарбек мырза, сиздердин бөлүм эмне жумуш аткарат, калкка кандай кызматтарды көрсөтөсүздөр, элге жөнөкөй тил менен сиздердин кызматыңыздар жөнүндө маалымат берип кетсеңиз?
-Жакшы суроо болду. Араван райондук санитардык- эпидемиялогиялык көзөмөл бөлүмү коомдук саламаттыкты сактоо жаатында зор роль аткарып келет десем болот. Биздин бөлүмдүн негизги максаты — жугуштуу жана жугушту эмес оорулардын алдын алуу, санитардык нормаларды сактоо жана адамдардын ден- соолугун коргоо. Мындагы жергиликтүү калк үчүн таза айлана- чөйрөнү камсыз кылуу, коопсуз тамак-аш жана суу ресурстарын жеткиликтүү кылуу дагы биздин негизги багытыбыз болуп саналат.
Бөлүм өзүнүн күнүмдүк ишинде район боюнча санитардык текшерүүлөрдү жүргүзүп, коомдук тамактануучу жайлардан, сууга чөмүлүү жайлардан тартып, курулуш обьекттерине чейин ар тараптуу текшерүүлөрдү алып барабыз. Мындан тышкары, бөлүм тарабынан жугуштуу оорулардын жайылышына бөгөт коюу максатында профилактикалык иш-чаралар да уюштурабыз. Ар бир эпидемиологиялык кырдаал боюнча атайын чаралар көрүлүп, санитардык тазалык боюнча маалыматтарды калкка жеткирип турабыз.
Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташып, санитардык- техникалык талаптарды сактоого жана эпидемиялык коркунучтарды алдын алууга багытталган иш- чараларды пландаштырып, ишке ашырабыз. Жалпысынан айтсам, калкка сапаттуу санитардык кызмат көрсөтүп, район аймагындагы санитардык-эпидемиялогиялык абалды туруктуу сактоого көмөктөшүү болуп саналат.
-Сиздердин бөлүмдөгү лабораториялар туурасында кеп салсаңыз, анализ чыгаруучу жабдыктарыңыздардын абалы кандай?
-Бизде азыр алты бөлүм калк кызматында иштеп келүүдө. Ооруларды алдын алуу бөлүмү, санитардык бөлүм, залалсызданды- руу бөлүмү, санитардык-гигиена- лык лабораториялык, бактеро- логиялык, паразитологиялык лабораториялык, иммунологиялык бөлүмдөр иштейт. Негизинен жарандарыбыздын анализи аркылуу кандай дарыга же антибиотикке сезгениши кандай экенин аныктап беребиз. Азык-түлүктөрдөн баштап, колдонуп жаткан продукциялардын жарамдуулугуна чейин текшерип берүү үчүн атайын жабдыктар менен камсыздалганбыз. Лабораториялык аппараттарыбыз жакшы эле абалда. Учурда медицина өнүгүп жатпайбы, заманбап аппараттар чыгып жатат. Акырындык менен аларга да жетишебиз деген ниеттебиз. Учурда ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткаруу менен алек.
-Санжарбек Ахматович, айтсаңыз, сиздердин тармакта кадр маселеси кандай, кадр жетишсиздигин жоюу боюнча жетекчи катары кандай иш- аракеттерди көрүүдөсүз?
-Чындыгында бизде кадр маселеси бир аз тартыш десем болот. Учурда 28 кызматкер иштесе, аларын сегизи жогорку билимдүү дарыгерлер. Калганы атайын орто билимдүү адистер. Көпчүлүк дарыгерлерибиз ардагерлер.
Муктаждык болгондуктан аларды эс алууга чыгара койбой иштетип атабыз. Мен жетекчи болуп келген күндөн эле ушул көйгөй менен алышууга киришкем. Шүгүр, Ош шаарынан жогорку билимдүү дарыгерди кызматка тарттым.
Ал эми жогорку окуу жайларга кайрылууларды жиберүүнү токтоткон жокмун. Биздин багытта билим алган жергиликтүү жаштарды келип иштеп, элдин ден-соолугун, райондун эпидемиологиялык абалын жакшыртууга салым кошкула деп үндөп келүүдөмүн. Андай жаштарыбыз окууну бүтсө келип калкыбызга кызмат кылат деген ишеничтемин.
-Учурда коомдо кайсыл оору очок алууда?
-Азыр кызамык оорусу республика боюнча актуалдуу болууда. Биздин район да бул оору менен катуу күрөшүп жатабыз. Ал ооруну чегиндирүүгө аракеттерди көрүүдөбүз. Көбүнчө дин жолунда жүргөн жарандарыбыз балдарын эмдетпей, эмдөөдөн баш тарткандардын кесепетинен жайылып кетүүдө. Бул боюнча да дин аалымдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин алып баруудабыз. Ал эми сарык оорусу кыйла кайтып калды.
-Сиз жетекчи болуп келген күндөн тарта жең түрүнө кандай иштерге баш байладыңыз?
-Мен жетекчи болуп келгенде мындагы имараттардын капиталдык ремонт иштерине муктаж экенин байкадым. Имараттарды оңдоп- түзөө иштерине атайын смета иштеп чыгып, аны тапшырдык. Жакынкы күндө каражат бөлүнүп калса, эки бөлүмдүн имараттары капиталдык ремонттон өтөт деп турабыз.
Ошондой эле, коррупцияга жол бербөө, кыңыр иштерди болтурбоо максатында ар бир кааналарга видеобайкоо камераларын орноттук. Кызматкерлерден элдин нааразычылыгын жаратпоо, таза иштөөгө үндөдүм. Ар бир адисибиз таза иштөөгө атайын түшүнүк каттарын жазып беришти. Жоопкерчиликти биринчи орунга коюуларын талап кылдым. Алдыда дагы аткарчуу иштерибиз көп, ага биздин жамааттын билими да тажрыйбасы да жетиштүү.
Саламаттыкты сактоо тармагында Президентибиздин мамлекеттик саясатын алып баруу максатында, элдин ден- соолугуна кам көрүү менен эмгек кылып жатабыз. Муну менен катар жакынкы аралыкта Вирусология лабораториясын ачуу иштерине киришип жатам. Бул лаборатория бизге абдан керек.
-Маегиңиз үчүн рахмат.
Маектешкен: Н.ӨМҮРЗАКОВА.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.