Кыргызстанда илбирстерди сактоо боюнча анимациялык мультфильм тартылды

 
Кыргыз тилинде тартылган “Илбирс. Мөңгүдөгү издер” деп аталган мультфильмдин жабык көргөзүү иш-чарасы Бишкек жана Ош шаарларында чакан форматта өткөрүлдү. NABU Кыргызстан уюмунун каржылык колдоосунда даярдалган мульт тасма «Central Asia Film» киностудиясы тарабынан, режиссёр Айбек Дайырбеков тарткан.
 
Мультфилмди тартуу идеясынын автору NABU Кыргызстан уюмунун мүдүрү Толкунбек Асыкулов, тасманын башкы максаты: жапайы жаныбарлардын арасындагы сейрек кездешүүчү түр – илбирсти сактап калуу көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу экенин белгилейт. Буларга кошумчалап, мультфильмде илбирстердин жашоо чөйрөсүнүн тарып баратышы, мыйзамсыз аңчылык сыяктуу көйгөйлөр камтылып, жаныбарларга гана эмес, аларды коргоо менен алектенген адамдарга да боор ооруу сезимин ойготууга өбөлгө түзөөрүн билдирди.
 
Кыргыз тил күнүнө карата өткөрүлгөн бул иш-чарага, КР Агартуу министрлигинин, Улуттук тил комиссиясынын, «Баластан», «ЭлТР», «Илим Билим», «ОшТВ» телеканалдарынын, Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош МПУнун окутуучулары жана студенттер конок болушту.
 
Талкуу учурунда алар өз пикирлери менен бөлүшүп, мультфильмдеги бере турган идеяны бир добуштан колдоого алышты. Анын кыргыз тилинде тартылганын, балдардын аң-сезимине оң таасир этерин жана экологиялык маселени ийгиликтүү чагылдырганын айтышты жана бир катар сунуш пикирлерин айтышты.
 
Ошондой эле анимациялык бул мультфильмдин форматы айрым сунуштар менен телеканалдардын көрсөтүүсүнө ылайык келээрин белгилешти.
 
Учурда мультфильм жалпы элге жеткиликтүү кылып көрсөтүүгө даярдоо этабында турат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз