«Реал Мадрид» Алматыга келди: тарыхый оюнду миңдеген күйөрман күтүүдө

Испаниянын футбол алыптарынын бири — «Реал Мадрид» клубу Алматы шаарына келди. Учак түн ичинде конгондо оюнчуларды улуттук казак кийимдерин кийген музыканттар тосуп алып, салтанаттуу түрдө Чемпиондор лигасынын гимнин аткарышты.

Таң эртең менен команданын мейманканасынын алдына миңдеген күйөрмандар чогулуп, «Реалдын» желектерин көтөрүп, оюнчулардын аттарын кыйкырып турушту. Айрымдары сүрөткө түшүп, кол тамга алууга жетишти.

Курам жана даярдык

Sports.kz маалыматына караганда, мадриддиктер Алматыга 22 оюнчу менен келишти. Алардын арасында:

дарбазачылар — Тибо Куртуа, Андрей Лунин, Хави Наварро;

коргогучтар — Давид Алаба, Рауль Асенсио, Альваро Каррерас, Фран Гарсия, Дин Хейсен, Давид Хименес;

жарым коргогучтар — Джуд Беллингем, Эдуарду Камавинга, Федерико Вальверде, Орельен Чуамени, Арда Гюлер, Дани Себальос;

чабуулчулар — Винисиус Жуниор, Килиан Мбаппе, Родриго, Эндрик, Браим Диас жана жаш талантуу Франко Мастантуоно.

Клуб жакында мадриддик дербиде «Атлетикого» 5:2 эсебинде утулганы менен, машыктыруучулар негизги оюнчулар оюнга чыгарын кабарлашты.

Тарыхый беттеш

Казакстандын «Кайрат» клубу бул сезондо Чемпиондор лигасынын топтук баскычына чыккан алгачкы казак командасы болуп, тарыхый ийгилик жаратты. Беттеш 30-сентябрда, Кыргызстандын сааты боюнча 22:45те Алматыдагы Борбордук стадиондо өтөт.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, Испаниядан да миңдей күйөрман келип, оюнду стадиондон көрөт деп күтүлүүдө. Билеттер дээрлик толугу менен сатылып бүттү.

Коопсуздук чаралары

Алматы шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, стадионго жана анын айланасына кошумча милиция жана коопсуздук кызматкерлери тартылды. Эксперттер бул беттешти Казакстандын футбол тарыхындагы эң маанилүү оюндардын бири деп баалашууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз