Шашылыш билдирүү: 1-2-октябрь күнү суук болуп, жамгыр карга айланышы күтүлүүдө
Кыргызстанда 1–2-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: маал-маалы менен жамгыр жаап, 1-октябрдын кечинде дыйканчылык аймактарында жамгыр карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын интенсивдүү болот. Түнкүсүн жана таңга жуук айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
1-октябрь күнү Чүй жана Талас өрөөндөрүндө абанын температурасы +10…+15° чейин төмөндөп, кечинде +2…+7° чейин түшөт;
2-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +10…+15° жылуулук күтүлөт;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөн аймактарында түнкүсүн +9…+14°, күндүз +16…+21°;
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +1…+6°, күндүз +10…+15° жылуу болот;
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо түнкүсүн -4°…+1°, күндүз +3…+8°;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2°…+3°.
Шамал батыштан 4–9 м/с, айрым райондордо 15–20 м/с чейин күчөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдаштырат, малды жайыттарда багууга да тоскоолдук жаратат.
2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүнүн дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүктөр мөмө-жемиш, жашылча өсүмдүктөрүнө, казылып, жабылбай калган картошка менен кызылча сыяктуу эгиндерге коркунуч туудурат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




