«Манас» эпосу түрк дүйнөсүнүн идеологиясына айланышы керек»: Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эл аралык симпоизм өтүүдө
Бүгүн, 30-сентябрь күнү Ош шаарындагы Кыргы-Өзбек эл аралык университетинде «Улуттук уңгудан глобалдык келечекке: “Манас” эпосу, тил жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын туруктуу өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык симпозиум өтүүдө, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Анда Кыргыз улуттук Манас театрынын директору Нурбек Талантбеков бүгүнкү симпозиумдун Манаска байланыштуу болуп жатышы түрк тилдүү элдин маданиятында, адабиятында, дүйнө таанымында өзүнүн орду бар экенин жана ынтымакты бекемдөөдө чоң ролу бар экенин белгиледи.
«Манастын түрк тилдүү элдин тилинде, маданиятында, адабиятында, дүйнө таанымында орду бар. Ошол ынтымакты, биримдикти алып келген орду менен «бүгүн жасалма интеллекте кандай багытта өрчүтсөк болот?», «Кандай багытта өркүндөтсөк болот?» деген жакшы тилек да.
Бүгүн «Манас» эпосун чыгарма, миф, эпос, элдик оозеки чыгармачылыктын башаты катары карап жатабыз. Болбосо Манас баянындагы курал-жарак технологиясы, «Манас» эпосунун географиясы аябай кенен.
«Манас» эпосун бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн идеологиясы кылганга толук мүмкүндүк бар. Биз муну мындай көргөнүбүз менен түрктөр, өзбек туугандардын Манаска болгон мүнөзү өзгөчө. «Манаста» түрк тилдүү элдин баары айтылат да. Алардын коңушу, тууган катары, алакасы, экономикалык, саясий, маданий катнаштары айтылат», - деди ал.
Симпозиумга Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуулары, Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын жетекчилиги, ошондой эле белгилүү манасчылар катышат.
Симпозиумдун негизги багыттары:
Технологиялык башкаруу мезгилинде элдик мурастардын заманбап өнүктүрүлүшү;
Ааламдашуу доорунда түрк тилдүү элдердин маданий мурастарынын интеграциясы;
Тилдик байлыктардын санариптештирилиши жана муундан муунга жеткирүү механизмдери.
Кыргыз улуттук Манас театрынын директору Нурбек Талантбеков бүгүнкү симпозиумдун Манаска байланыштуу болуп жатышы түрк тилдүү элдин маданиятында, адабиятында, дүйнө таанымында өзүнүн орду бар экенин жана ынтымакты бекемдөөдө чоң ролу бар экенин белгиледи.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




