Ошто «Манас» эпосунун жана түрк дүйнөсүнүн мурастарына арналган эл аралык симпозиум өтөт

Эртең, 30-сентябрда, Ош шаарында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Улуттук уңгудан глобалдык келечекке: “Манас” эпосу, тил жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын туруктуу өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык симпозиум башталат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.
 
Ага Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуулары, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчилиги жана белгилүү манасчылар катышат.
 
Жыйындын алкагында, технологиялык өнүгүү шартында элдик мурастарды сактоо жана жаңылоо, ааламдашуу доорунда түрк тилдүү элдердин маданий мурастарын интеграциялоо, тилдик байлыктарды санариптештирүү жана муундан муунга жеткирүү механизмдери сыяктуу багыттар талкууланат.
 
Ошондой эле жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концепциясы, “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгы жана «2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасы илимий негизде талданып, жаңы сунуштар айтылат.
 
Симпозиум аралаш форматта өтөт. Айрыкча, «Манас эпосу жана манасчылык өнөр» панелдик отурумунда Манастын бириктирүүчү күчү жана улуттук нарк-насилдин мааниси кеңири талкууга алынат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз