ИИМ Айсулуунун өлүмү боюнча коомчулукту адаштырган жаран аныкталганын билдирди

Ички иштер министрлиги коомчулукка жалган маалымат тараткан жаран аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, жашы жете элек кызды издөө иштерин милиция үч күндөн кийин гана баштайт деген билдирүү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Натыйжада, чындыкка дал келбеген маалыматты 2002-жылы туулган Н. уулу С. аттуу жаран тараткандыгы белгилүү болду.

Аталган жаран маркумдун тууганы эмес болуп чыкты. Мындан тышкары, буга чейин уурулук жана алдамчылык фактылары боюнча жоопкерчиликке тартылганы аныкталды.

ИИМдин маалыматына караганда, Н. уулу. С. коомчулукту адаштырган билдирүүлөрдү таратып, жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана жагдайга тиешеси жок экенине карабай, коомдогу чыңалууну күчөткөн.

Азыр ал Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Анын аракеттерине укуктук баа берилет.

ИИМ жарандарды расмий маалыматты министрликтин гана расмий булактарынан алууга чакырат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз