УКМК контракттык аскер кызматтарына чакыруу учурунда Коргоо министрлигинде коррупциялык схема аныктады
УКМКнынТышкы контрчалгындоо башкы башкармалыгы аскердик коопсуздукту камсыз кылуу жана чакырылуучу жоокерлердин сапатына таасир эткен кызматтык кылмыштарды алдын алуу боюнча жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Коргоо министрлигинде жарандарды контракттык негизде аскердик кызматка кабыл алуу учурундагы коррупциялык схема аныкталды.
УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2025-жылдын 23-сентябрында КР Жазык кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту («пара алуу») боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Коргоо министрлигинин бир аскер бөлүгүнүн командири Б.М.С., ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкери М.А.Ж. менен сүйлөшүп алып, жарандарды аскердик кызматка кабыл алуу үчүн 70 миңден 90 миң сомго чейин акча алып турушканы аныкталган.
Маалыматтарга караганда, алар кызматка кирүү процессине чейин эле пара талап кылып, акча берүүдөн баш тарткандарга атайын тоскоолдуктарды жаратышкан.
2025-жылдын 26-сентябрында Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун чечими менен шектүү Б.М.С. эки айга камакка алынып, ГКНБнын тергөө абагына киргизилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.