Жогорку Кеңеш Мирбек Мамбеталиевди Маданият министри кылып дайындоого уруксат берди
Жогорку Кеңеш Мирбек Мамбеталиевди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматына дайындоого уруксат берди. Бүгүн, 26-февралдагы жыйында 72 депутат "макул" деген добушун берди.
Мирбек Мамбеталиев 1980-жылы Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаарында туулган.
Бүгүнкү жыйында бир катар депутаттар Мамбеталиевдин эмгек жолун сындаган.
Буга чейин ал президенттин жана паламенттин иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалаган. Андан кийин Президенттин админстрациясында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн ага инспектору болуп эмгектенген. Ошондой эле, Кыргызпатентте коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.
Мамбеталиев 21-февралда Маданият министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.