Депутаттар убактылуу министрдин 28 жолу жумуш алмаштырганына көңүл бурду
Мирбек Мамбеталиев 2003-жылдан 2025-жылга чейин 28 жолу иш ордун алмаштырган. Бул таң калычтуу көрүнүш, – деди депутат Надира Нарматова («Ата-Журт Кыргызстан») 26-февралда парламенттин жыйынында, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.
Депутаттар аны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына талапкер катары карап жатышат.
«Сиз менеджерлик жөндөмүңүздү далилдөө үчүн жоопкерчиликти аласыз. Президенттин ишенимин актоо керек. Сиздин эң чоң кемчилигиңиз – маданият тармагында бир күн да иштеген эмессиз. Ошондуктан, сиз өз жөндөмүңүздү, ишиңизди көрсөтүшүңүз зарыл», – деди ал.
Нарматованын айтымында, маданият тармагы мамлекеттин жүзү болуп саналат. Ал спорт менен катар өлкөнү эл аралык аренада таанытат.
Депутат жеке менчикке өтүп кеткен маданий объектилерди кайра мамлекеттик менчикке кайтарууга чакырды.
Депутат Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан») да кесиптешинин оюн кубаттады. Ал да министрдин милдетин аткаруучу 28 жолу иш ордун алмаштырганын кайталап өттү. «Сиздин ишиңизди убакыт көрсөтөт», – деп кошумчалады ал.
Ошондой эле ал Маданият министрлиги Шах-Фазил мавзолейин жеке ишкерге ижарага бергенин белгиледи. Бул мавзолейге мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, ошондой эле бир катар демөөрчүлөр да каражат которушкан.
Депутаттын айтымында, күмбөз кароосуз калган. Ал бул объектти айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү керектигин билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.